• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Арзыбек Кожошев Кыргызстандын атынан ЕЭКтин министри болуп дайындалды

ЕАЭБ 0

Бишкек, 27.05.22. /Кабар/. Бүгүн, 27-майда Бишкекте өткөн Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешинин жүрүшүндө Арзыбек Кожошев Кыргызстандын атынан Евразия экономикалык комиссиянын энергетика жана инфраструктура боюнча министри болуп дайындалды. Бул тууралуу ЕЭКтин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, мурда бул кызматты Темирбек Асанбеков аркалап келген.

Эскерте кетсек, Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйыны видеоконференция форматында өтүп, ага Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров төрагалык кылды. Иш-чарага Беларусь президенти Александр Лукашенко, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Россиянын президенти Владимир Путин, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян катышты. Байкоочу өлкө лидерлери катары Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Кубанын президенти Мигель Диас-Канель катышып, видеокайрылуу жасашты.

Пикир

Оставить комментарий