• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ашхабадда күндүз жылуулукту өчүрүшүүдө

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 05.12.17 /Кабар/. Түркмөнстандын бир нече кичирайондорунда күндүз маал-маалы менен жылуулук өчүрүлүүдө.

Ашхабаддын борбордук бөлүгүндө жашаган тургундардын айтымында, акыркы бир жумадан бери абанын температурасы күндүз +1, түнкүсүн - 5 градус болгону менен жылуулук берилген эмес.

Коммуналдык кызматтын өкүлдөрү жылуулук системасы бузулуп жатканын билдиришүүдө.

Ашхабадда былтыр дагы ушундай эле көрүнүш болгон. Буга байланыштуу жашоочулар электр жылыткычтарды колдонуп, газ плиталарын жылуулук үчүн иштетишүүдө.

Түркмөнстанда быйыл жайында калк 25 жыл бекер колдонуп келген суу, электр энергиясы жана газ үчүн жеңилдиктер жоюлган. Буга улай, 1-ноябрдан тарта коммуналдык кызматтар, суу, газ жана электр кубаты үчүн тарифтер кымбаттаган.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий