• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Аскер прокуратурасы жоокерлердин өлүмүн алдын алуу иштерин жүргүзүүдө

Коом 0

Бишкек, 07.09.22. /Кабар/. Аскер прокуратурасы тарабынан аскер бөлүктөрүндө жоокерлердин өз өмүрүнө кол салуу фактыларын алдын алуу боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 5-сентябрда Ош гарнизонунун аскер прокуратурасы аскер бөлүктөрүнүн өздүк курамына профилактикалык багытта жекече жана коллективдүү аңгемелешүү менен аскердик тартипти сактоого, күжүрмөн даярдыкты камсыз кылууга, аскер кызматчылары арасында өз ара мамилелердин уставдык эрежелерин бузбоого, бөлүктү же кызмат өтөө жерин өзү билип таштап кетпөөгө, дезертирдик жана өзүнө-өзү кол салуу фактыларын жоюуга байланыштуу иш-чараларды жүргүздү.

Аталган маселелерди алдын алуу Аскер прокуратурасынын көзөмөлдүк ишинин эң негизги багыттарынын бири болуп саналып, ага өзгөчө көңүл бурулууда.

Башкы прокуратура аскердик башкаруу органдарында жана аскердик мекемелерде кандайдыр бир мыйзам бузуу аракеттери байкалган учурда төмөндөгү телефондорго кайрылууну өтүнөт:

- Кыргыз Республикасынын Аскер прокуратурасы – 0 (312) 62-47-39;

- Бишкек гарнизонунун аскер прокуратурасы – 0 (312) 56-01-03

- Ош гарнизонунун аскер прокуратурасы – 0 (3222) 4-25-74;

- Балыкчы гарнизонунун аскер прокуратурасы – 0 (3944) 3-28-03;

- Баткен гарнизонунун аскер прокуратурасы – 0 (3622) 5-12-14;

- Жалал-Абад гарнизонунун аскер прокуратурасы – 0 (3722) 2-03-44

Белгилей кетсек, иш-чара КР Акыйкатчысынын Ош облусу жана Ош шаары боюнча өкүлүнүн, Кыйноолорду жана башка катаал адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүн алдын алуу боюнча КР Улуттук борборунун, “Жоокерлердин энелери” республикалык комитетинин, Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын өкүлдөрү менен биргеликте өткөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий