• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жоокердин сабалышы. Алты аскер кызматкери иштен четтетилди

Коом 0

Бишкек, 08.06.22. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында жоокердин сабалышы боюнча алты аскер кызматкери иштен четтетилгенин билдирди.

ӨКМ башчысынын орун басары бул ишти жашырууга тийиштиги бар бардык жактар өз жазасын алат деп ишендирди.

“Тергөө амалдарын объективдүү жүргүзүү максатында аскер бөлүгүндөгү тиешелүү жетекчилер өздөрүнүн аткарган милдеттеринен убактылуу четтетилди. Ошондой эле ур-тепкиге кабылган жоокерди текшерүүгө алып, бирок анын жаракаттарын жашырган фельдшерге дагы тиешелүү чара көрүлөт”, - деди ал.

Шамырканов бул жерде бирөөнү жашырып, дагы бирин коргогон учур болбой турганын, күнөөлүүлөрдүн бардыгы өзүнүн жазасын ала турганын белгиледи.

Эскерте кетсек, ӨКМдин жоокери ур-токмокко алынганын анын жакындары социалдык тармактарга жазган. Ал эми Башкы прокуратура ӨКМдин аскер бөлүгүндө жоокерди сабады деген прапорщик кармалганын билдирген.

Пикир

Оставить комментарий