• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Садыр Жапаров алдыда дагы кайсы ГЭСтер курула турганын айтты

Президент 0

Бишкек, 08.06.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 8-июнда, Жалал-Абад облусундагы Камбар-Ата ГЭС-1 курулушунун башталышына старт берди.

Мамлекет башчы бүгүнкү күндө Кыргызстандын гидропотенциалынын 10-11 пайызы гана колдонуп жатканын айтты.

“Келечекте “Камбарата-1” ГЭСинин курулушу менен гана чектелбестен, Суусамыр-Көкөмерен, Сары-Жаз, Казарман, Жогорку Нарын ГЭСтеринин каскады сыяктуу ГЭСтерди куруу иштерин жүргүзүүбүз зарыл. Ошондо гана жараткан бизге берген гидропотенциалдын мүмкүнчүлүгүн толук колдоно алабыз”, - деди Жапаров.

“Камбар-Ата-1 ГЭС куруу” долбоору Камбарата ГЭС каскадынын курамындагы эң ири энергетикалык объект болуп саналат, ал бийиктиги 256 м аска таш менен төшөлгөн, чоподон жасалган өзөгү менен курулган тосмонун жана орнотуу кубаттуулугу 1860 МВттык, коп жылдык энергия иштеп чыгуусу 5,6 млрд кВт/саатты тузгон, сыйымдуулугу 5,4 млрд м³ суу сактагычы бар ГЭСти курууну камтыйт.

Курулуштун мөөнөтү 8 жылдан 10 жылга чейин. ГЭСтин биринчи гидроагрегатын ишке киргизүү - туруктуу каржылоо болгон шартта төрт жыл.

Пикир

Оставить комментарий