• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Асман эко-шаарынын курулушуна жакында капсула салынат

Президент 0

Бишкек, 29.04.23. /Кабар/. Ысык-Көлдөгү Асман эко-шаарынын курулушу жакында башталат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Бүгүн, 29-апрелде президент Садыр Жапаров Ысык-Көлдө бир катар социалдык-экономикалык долбоорлордун курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Садыр Жапаров жакынкы мезгилде капсула салынышы пландалып жаткан Асман шаарынын курулуш долбоорун көрүп чыкты.

Асман эко-шаарда алдыңкы санариптик телекоммуникациялык технологиялар колдонулары айтылды.

Пикир

Оставить комментарий