• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ассоль Молдокматова Францияда Пьер Кардендин мода үйүндө алып баруучу болот

Коом 0

Бишкек, 16.03.18. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Кыргызстандык теле алып баруучу Ассоль Молдокматова князь Александр Трубецкийден Парижге чакыруу алды. Ал россиялык белгилүү модельер Вячеслав Зайцевдин мода көрсөтүүсүндө алып баруучу болот.

А.Молдокматова Францияга 19-мартта учат. Анын айтымында, бүгүн алдыдагы иш-чарага жигердүү даярданып жатат. Мода көрсөтүү 21-мартта өтүп, россиялык сүрөтчү-модельердин 80 жылдыгына арналат.

“Даярдык үчүн убакыт аз калды, француз тилин түнү менен үйрөнүп, туура сүйлөөнүн үстүндө иштөөгө туура келүүдө. Иш-чараны англис, француз жана орус тилдеринде алып барам. Көрсөтүүгө Пьер-Карден өзү келет, Франциянын бүтүндөй аристократиясы чогулат”, - деп бөлүштү теле алып баруучу.

Молдокматованын айтымында, көрсөтүүдө Вячеслав Зайцевдин бир нече жыл бою түзүлгөн керемет коллекциясы сунушталат.

Мындан тышкары алып баруучу улуу француз кутюрьесинин оң колу баронесса Галина де Буар менен жолугушат. Анда КМШда Пьер Карден бренди менен дизайнерлер мектебин ачуу планы талкууланат. Аны Молдокматова өзү жетектейт.

“Парижде мен беш күн болом: баронесса менен мектептин ачылышы тууралуу сүйлөшүүлөр, мода көрсөтүү, фотосессия... fashion-индустрия менен көптөгөн долбоорлор байланыштуу – 14-апрелде Бишкекте менин автордук көрсөтүүм өтөт. Бул бир нече бренддер менен коллаборация болот”, - деп бөлүштү теле алып баруучу.

Учурда Ассоль Молдокматова Чыңгыз Айтматовдун “Жамиля” повести боюнча даярдалган “Жамиля” спектаклинин продюсери болууда. Кыргызстанда бет ачары 29-мартка белгиленген. Андан соң түрк тарап менен келишим боюнча спектакль Түркиянын беш шаарында коюлмакчы.

Пикир

Оставить комментарий