• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте салттуу окуу режими башталгандан бери 8 окуучудан COVID-19 аныкталды

Коом 0

Бишкек, 15.02.21. /Кабар/. Бишкекте салттуу окуу режими башталган бери 8 окуучудан жана 5 мугалимден COVID-19 аныкталды. Бул тууралуу маалымат жыйынында Бишкек шаардык мэриясынын билим берүү башкармалыгынын башчысы Элмира Иманалиева билдирди.

Анын айтымында, коронавирус мектеп окуучуларынын жана мугалимдердин арасынан аныкталгандан кийин маалымат Бишкек шаардык мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборуна жана шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгына жөнөтүлөт.

“Каралган бардык иш-чаралардан кийин вирус аныкталган класс 14 күнгө аралыктан окутуу режимине өткөрүлөт, эгер бир канча жуктуруу катталса анда мектеп жабылат”, - деди ал.

Такталгандай, учурда борбордо COVID-19ду жуктурган учурлар катталганына байланыштуу 1 мектеп жабылды.

Пикир

Оставить комментарий