• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Астанада кыргыз-казак чек арасынан жүк фураларын өткөрүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө

Экономика 0

Бишкек, 20.10.17. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Кыргызстандын биринчи вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгулов баштаган өкмөттүк делегациясы Астанада кыргыз-казак мамлекеттик чек арасынан жүк жүктөлгөн унааларды өткөрүү маселесин чечүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

“Кабар” агенттигине Абдыгулов өзү билдиргендей, бүгүнкү күндө кыргыз-казак чек арасынан өтүү жеңил унаалар, адамдарды ташыган автобустар жана жарандар үчүн эч тоскоолдуксуз, 18-октябрда Астанада жетишилген макулдашууларга ылайык болууда.

“Жүк ташуучу унаалар тууралуу айтсак, учурда бул маселе боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Адеп кол коюлган протоколдо жүк унаалары тууралуу сөз болгон эмес. Ошондуктан Кыргызстандын делегациясы Астанада сүйлөшүүлөрдү улантуу үчүн калган”, - деди ал.

Биринчи вице-премьер казак-россия чек арасындагы чек арада дагы кыргызстандык жүк ташуучулар туруп калганы боюнча маселе сүйлөшүүлөрдүн алкагында талкууланып жатканын белгилеген.

Эскерте кетсек, 10-октябрда Казакстан кыргыз-казак чек арасын күчөтүүгө өткөргөн. Буга байланыштуу көзөмөл-өткөрмө пункттарында унаа каражаттарынын жана жүздөгөн адамдардын кезегинен көп чакырмдык тыгын пайда болгон.

18-октябрда Астанада Кыргызстан жана Казакстан өкмөттөрүнүн башчылары жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-казак мамлекеттик чек арасынан өтүүнүн жарнадар, жүргүнчүлүк автобустар, жеңил унаалар жана бош жү унаалары үчүн артыкчылыктуу тартиби тууралуу келишишкен.

Пикир

Оставить комментарий