• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ат-Башы райондук үй-бүлөлүк медицина борборуна мобилдик рентген аппараты тапшырылды

Аймак 0

Бишкек, 31.12.20. /Кабар/. Ат-Башы райондук үй-бүлөлүк медицина борборуна мобилдик рентген аппараты тапшырылды. Бул тууралуу Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, район жетекчиси медицина тармагына шарттарды түзүп берүү максатында Ат-Башы райондук өнүктүрүү фондусунан 700 миң сомго райондук үй-бүлөлүк медицина борборуна мобилдик рентген аппаратын алып берди.

Аталган медициналык аппаратты райондун акими Нурбек Сатаров, анын орун басарлары Максат Кадыркулов жана Динара Жунусовалар салтанаттуу түрдө тапшырышты.

"Медиктер буга чейин эскилиги жетип калган аппарат менен колдонуп келишкен. Жаңы рентген аппаратын башка бөлүмдөргө жана ФАПтарга чейин алып барып иштеткенге мүмкүнчүлүк бар", - деп айтылат маалымата.

Пикир

Оставить комментарий