• 88.68
  • 95
  • 0.95

Талас шаарында айыл чарба азыктарынын жарманкеси ѳттү

Аймак 0

Бишкек, 13.11.23. /Кабар/. Талас шаарынын борбордук аянтында айыл чарба азыктарынын жарманкеси ѳттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жарманке дыйкандардын айыл чарба продукцияларын жеткиликтүү баада сатууга жана калкка арзан баада айыл чарба азыктарын алууга шарт түзүү максатында уюштурулган.

Жарманкеде дыйканчылыкка керектүү органикалык жер семирткичтер, отоо чѳптѳрдѳн арылтуучу зыянсыз дары-дармектер дыйкандарга сунушталды. Буга кошумча мѳмѳ-жемиш бактарынын, ийне жалбырактуу карагайлардын, гүлдөрдүн көчөттөрү да сатыкка коюлду.

Мындан сырткары, атайын чакырылган айыл чарба адистери тарабынан А.Огомбаев атындагы балдар музыкалык мектебинде дыйкандарга окутуу-семинары уюштурулду. Анын алкагында мамлекеттик банктардын кызматкерлери айыл чарба тармагына жеңилдетилген насыялар боюнча акысыз кеп-кеңештерин беришти.

Пикир

Оставить комментарий