• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалал-Абад облусунун ишкерлери СӨП башчысына өз көйгөйлөрү тууралуу айтып беришти

Аймак 0

Бишкек, 03.04.23. /Кабар/. Соода-өнөр жай палатасынын (СӨП) президенти Темир Сариев Жалал-Абад облусунун ишкерлери менен жолугушту.

Аталган уюмдун басма сөз кызматынан билдиришкендей, жолугушууга облустагы жүздөн ашуун ишкер катышты. Аларга ишкерлер менен СӨП ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн артыкчылыктары, палатанын негизги функциялары жана мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалыматтар берилди.

Ишкерлер абдан кызыгып, СӨП ишмердүүлүгү боюнча көптөгөн суроолорду беришти. Ошондой эле алардын өнүгүүсүнө тоскоол болгон көйгөйлөр, салык системасындагы реформаларды түшүнбөстүк жана башка көптөгөн маселелер тууралуу сөз болду.

"Мамлекет бизге арзан кредит алууга шарт түзүп берсе жакшы болмок. Болбосо ири ишканалар гана өнүгүү үчүн акчаны төмөн пайыз менен ала алат экен, ал эми дыйкандар, орто бизнесмендер өз көйгөйлөрү менен жалгыз калып жатат. Биз банктар менен биздин ортобуздагы сүйлөшүүдө гана жардам сурайбыз", - дешти ишкерлер.

Жолугушуунун жыйынтыгында СӨП менен тыгыз кызматташуу боюнча макулдашууга жетишилди.

Пикир

Оставить комментарий