• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ат-Башы районунун коменданты: Ар бир айылдан дары-дармек үчүн жеңил унаа, азык-түлүк үчүн жүк ташуучу унаа бөлүнөт

Аймак 0

Бишкек, 16.04.20. /Кабар/. Нарында дары-дармек үчүн жеңил унаа, азык-түлүк алып келүүгө жүк ташуучу унаа бөлүнөт. Бул тууралуу Нарын шаары жана Ат-Башы районунун коменданты Уланбек Аалиев билдирди.

Анын айтымында, азык-түлүк, дары-дармек боюнча акимдерге көрсөтмө берилген.

"Ар бир айылдан ооруканага баруу жана дары-дармек алуу үчүн жеңил унаа, азык-түлүк алып келүүгө жүк ташуучу унаа бөлүнөт. Аларга өткөрмө кагаздарын берип жатабыз", - дейт ал.

Белгилей кетсек Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Нарын шаары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин узартылды. Ошондой эле өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин Нарын шаары жана Ат-Башы районунда киргизилди.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 21:00-06:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 06:00дөн 21:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий