• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ат-Башынын Ак-Сай өрөөнүндөгү чабандарга гумжардам берилди

Коом 0

Бишкек, 18-апрель /Кабар/. 2017-жылдын 11-апрелде башкармалыктын кампасында сактоого коюлган гуманитардык жардамды Ак-Сай өрөөнүнүн кыштоолорунда жашаган жарандарга жеткирүү боюнча иш чаралар уюштурулуп, ӨКМдин ыкчам тобу жетектеген топтун коштоосунда Ак-Муз – Босого – Кынды – Ак-Сай унаа каттамы аркылуу жиберилди. Бул тууралуу КР ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.

12-апрелден баштап таратуу иш чаралары жүргүзүлүп, Ак-Сай өрөөнүндөгү Үсөлөк, Боз-Айгыр, Шамыркан, Жарма-Мустабас, Эшек-Арт, Тогуз-Коо, Сай-Сары, Кызыл-Таш, Жолсары-Бөксө, Чон-Күнгөй, Ача-Таш, Кара-Таш, Бөрү-Уюк, кыштоолорунда, Жаны-Культцентр участкасында, Быдыр-Өлө участкасында, Чок-Өтөк участкасында, Корумду жана башка участкалардагы жарандарга берилди. 14-апрелде гуманитардык жардам таратылып бүттү.

КР ӨКМнин 2017-жылдын 15-мартындагы №253 жана 22-мартындагы №271-буйруктарынын негизинде Ак-Сай өрөөнүндө кыштаган чабандарга таратып берүүгө бөлүнгөн 500 (беш жүз) кг күрүч, 500 (беш жүз) кг вермишел, 500 (беш жүз) кг кесме, 250 (эки жүз элүү) кг чай, 500 (беш жүз) кг кум шекер, 500 (беш жүз) кг кант, 2000 (эки миң) даана уй этинен консерва, 2000 (эки миң) даана балык этинен консерва, 200 (эки жүз) даана табак, 200 (эки жүз) даана кичине табак, 200 (эки жүз) даана кашык, 200 (эки жүз) даана кружка, 50 (элүү) даана чайнек, 200 (эки жүз) даана одеяло Ат-Башы райондук Жарандык коргонуу комиссиясынын чогулушунун протоколунун негизинде 113 үй бүлөгө, 407 адамга, 7 жылынуу пунктуна бөлүнүп, толугу менен таратылып берилди.

Ак-Сай өрөөнүндөгү жашаган жарандар тарабынан КР ӨКМге жана ӨКМдин жетекчилигине ыраазычылык билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий