• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Базар-Коргондо 22 адам майрамдык иш-чарада салаттан ууланышкан

Ден соолук 0

Бишкек, 18-апрель /Кабар/. Базар-Коргондо 22 адам майрамдык иш-чарада салаттан ууланышкан. Бул тууралуу КР Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ведомствонун маалыматы боюнча, 15-апрелде жабыркагандар кыз узатуу тоюнда болушуп, сапатсыз жасалган салаттан ууланышкан. “17-апрелде Базар-Коргон аймактык ооруканасына 8 жабырлануучу кайрылышкан. Алар жугуштуу оорулар бөлүмүнө жаткырылып, дезинтоксикациялык жардам көрсөтүлүп жатат. Дары-дармектер жетиштүү”, - деп билдиришти ССМдан.

Белгиленгендей, 18-апрелде тамак-аштан уулануу белгилери менен стационардык дарылоого дагы 14 адам жаткырылган. Жалпысынан, 22 адам дарыланууда.

“Бейтаптардын экөөнүн абалы орто, калгандарыныкы канааттандырарлык. Тамак-аштан ууланууну алдын алуу боюнча жеринде түшүндүрүү иштери жүрүп жатат”, - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий