• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте балдардын адистештирилген консультативдик бейтапканасы ачылды

Ден соолук 0

Бишкек, 27.12.23. /Кабар/. Бишкекте балдардын адистештирилген консультативдик бейтапканасы ачылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Бишкек шаарынын Манас проспектиси, 12 дарегинде жайгашкан бейтапкананын ачылыш аземине саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев катышты.

Министр эне жана баланын ден соолугу Саламаттык сактоо министрлигинин ишиндеги артыкчылыктуу багыттардын бири экенин баса белгиледи. Бишкек шаарындагы балдарга өз убагында, сапаттуу жана квалификациялуу медициналык жардамды камсыз кылуу максатында балдар бейтапканасын уюштуруу чечими кабыл алынган.

«Шаардын жашоочуларынын саны өсүп, ошого жараша балдар ооруканаларына кайрылгандардын саны өсүүдө. Жыл сайын КРВИ жана сасык тумоо сезонунда Шаардык балдар клиникалык тез жардам ооруканасында жана Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда узун кезек күтүүлөр болот. Күнүнө 700гө жакын бала кайрылса, кайрылгандардын 80% амбулатордук бейтап болуп саналат. Балдардын адистештирилген консультативдик бейтапканасынын ачылышы ооруканалардын жүгүн азайтып, кезек күтүүлөрдү кыскартып, алардын ишин жакшыртат», - деди Алымкадыр Бейшеналиев.

Балдардын адистештирилген консультативдик бейтапканасынын директору Айнура Абдылдаева билдиргендей, бейтапкана башка Үй-бүлөлүк медицина борборлору сыяктуу иш алып барат. Дарыгерлер күн сайын саат 08:00дөн 18:00гө чейин кабыл алышат. КРВИ жана сасык тумоо сезонун эске алып, дарыгерлер ишемби жана жекшемби күндөрү нөөмөттө болуп, саат 14:00гө чейин кабыл алынат.

«Бүгүн биз ачылдык, толук кандуу 2024-жылдын 2-январынан тарта иштей баштайбыз деп пландап жатабыз. Бизде азыр педиатрлардан тышкары логопед жана балдар ортопеди, хирург, невропатологдор бар. Балдар адистерин тартуу боюнча иштер активдүү жүрүп жатат. Бизде балдар гинекологу, ЛОР, сурдолог, логопед, невропатолог, ортопед, хирург дарыгерлери кабыл алуу жүргүзүшөт. Биздин консультативдик бейтапканабыздын ишинин аркасында ооруканалардын түйшүгү азайып, балдарга сапаттуу амбулатордук жардам көрсөтүлөт деп ишенебиз», - деди бейтапкананын директору.

Пикир

Оставить комментарий