• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

УКМК эки жылдан бери издөөдө жүргөн жаранды кармады. Ал адам уурдоого шектелүүдө

Укук тартиби 0


Бишкек, 27.12.23. /Кабар/. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен адам уурдоо боюнча 2021-жылдан бери издөөдө жүргөн жаран “О.Б.Н.” кармалгандыгын билдиришти.

Атайын кызматтын билдирүүсүнө караганда, УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөшүү боюнча көрүлгөн чаралардын натыйжасында Ош облусунун Өзгөн районунун аймагында адамдардын тобу тарабынан алдын ала сүйлөшүп алып, акча талап кылуу максатында адам уурдоо фактысы боюнча 2021-жылдан бери издөөдө жүргөн жаран “О.Б.Н.” кармалды.

Буга чейин, 2020-жылдын декабрь айында “О.Б.Н.” жана уюшкан кылмыштуу топтун башка мүчөлөрү Баткен районунун тургуну Х.А.М.дан 20 000 АКШ доллары өлчөмүндө акча талап кылышкан. Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында Х.А.М.ды уурдап салып кеткен “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү унаасы аныкталып, КР УКМКнын унааны токтотуу боюнча мыйзамдуу талаптарына уурулар тарабынан каршылык көрсөтүлгөн. Жогоруда аталган О.Б.Н. качып кетүүгө үлгүрүп, издөөгө алынган.

УКМК кызматкерлери тарабынан көрүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө “О.Б.Н.”нын жүргөн жери аныкталып, 2023-жылдын 23-декабрында кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Учурда УКМК тарабынан бул топтун башка кылмыш иштерин аныктоо боюнча тергөө жана ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий