• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

“Эмоциям үчүн кечирим сурайм”. Министр Алымкадыр Бейшеналиев №2 ооруканадагы окуя боюнча

Ден соолук 0

Бишкек, 10.03.22. /Кабар/. Бүгүн, 10-мартта саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Бишкектеги №2 ооруканага барды.

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, Бейшеналиев бейтаптарга медициналык жардам көрсөтүүнүн сапаты менен таанышуу максатында ооруканага барган. Ошондой эле көптөн бери “Исманкуловдун көз микрохирургиясы” жеке клиникасы жайгашкан оорукананын имаратын пайдаланууга берүү пландалган.

Саламаттык сактоо министри көп жылдар бою ижарага берилген имаратты кайтарып алуу боюнча иштерди демилгелеген.

Бишкектеги №2 клиникалык көп тармактуу ооруканада неврологиялык, терапиялык жана кардиологиялык профилдеги бейтаптар дарыланууда.

“Бишкекте керебеттердин саны өтө жетишсиз, бейтаптар профили боюнча ооруканада дарылануу үчүн көпкө күтүүгө аргасыз болууда. Аталган оорукананын имаратын бошотуу боюнча иш баштаганыбыздан бери туура бир ай өттү. Бишкек мэриясы аталган жеке клиника менен ижара келишимин токтоткон. Мөөнөтү бүттү, биз мындан ары күтө албайбыз, бейтаптарды дарылоо үчүн керебеттер керек. Эмоциям үчүн кечирим сурайм, бирок жеке ишкерлер көп жылдардан бери мамлекеттин имараттарын пайдаланып, мамлекетке аз өлчөмдөгү акча төлөп жүргөнү капа кылат. Алар мамлекеттик казынага бир аз эле акча төлөп беришкенине ишенем. Эгер андай болбосо, бул имараттарга мынчалык жабышпайт эле. Дагы бир жолу белгилеп кетким келет, эгер мамлекетке жана министрликке тиешелүү иш болсо, мындан ары да ушундай мамиле болот”, - дейт министр.

Пикир

Оставить комментарий