• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ата-энесинин колунан жабыркаган жети айлык наристе жардамга муктаж

Коом 0

Бишкек, 3-июль /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Шаардык №3 балдар ооруканасына оор абалда жети айлык наристе түшкөн. Анын ден соолугунун начарлашынын себеби ата-энесинин ырайымсыз мамилеси себепкер экени айтылууда. Наристенин денесинде көптөгөн көгала тактар аныкталган.

Мэриянын алдындагы Үй бүлөлүк зомбулуктан жабыркаган наристелерге жардам берүү борборунун директору Динара Давлетбаеванын билдиришинче,учурда ымыркайдын абалы турукташып калды.

“Наристенин ден соолугунун жакшы болуп калганына байланыштуу аны палатага которуу керек. Бирок, азырынча ымыркайдын ата энеси аны кароодон четтетилгенине байланыштуу бизге кызды караганга ыктыярчылар керек. Учурда борборго жардам берүү максаты менен бир нече адам кайрылды. Алар бири бири менен наристени кароонун графигин түзүп жатышат”,-дейт Давлетбаева.

Дары дармектерге жана башка керектүү процедураларга корогон каражат мамлекеттик бюджеттен которулуп жатат. Бирок мындан башка дагы тамак ашына жана керектелүүчү буюмдарга кошумча каражат табуу зарыл болуп жатат.

“Мындан улам бардык калоочулардан жардам күтөбүз. Жардам берүүнү каалагандар 0559 57 77 72 телефон номери аркылуу кайрылса болот. Ошондой эле, ымыркайга керектелүүчү жалаяк шымдар болсо Карасаев 72 дарегинде орун алган биздин кызматкерлер тарабынан берсе болот”,-деди борбордун директору.

Пикир

Оставить комментарий