• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

"Ата Мекен" фракциясынын лидери АКШнын элчиси менен жолугушту

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек. 15.04.19 /Кабар/. Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" парламенттик фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов Америка Кошмо Штаттарынын Кыргызстандагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Дональд Лу менен жолугушту.

Жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык байланыштардын учурдагы абалы талкууга алынып, парламенттер аралык кызматташтык маселеси да көтөрүлдү.

"Ата Мекен" парламенттик фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов эки өлкөнүн ортосундагы алакаларды чыңдоодо элчиликтин ролу жогору экенин белгилеп, ишине ийгиликтерди каалады.

Ошондой эле Алмамбет Шыкмаматов Кыргызстандагы демократиялык жаңылануулардын учурдагы абалына токтолуп, өлкөнү өнүктүрүү үчүн сөз жана ой эркиндиги менен адам укугун коргоого өзгөчө басым жасоо керектигин кошумчалады.

Өз кезегинде АКШнын Кыргызстандагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Дональд Лу жылуу кабыл алгандыгы үчүн Алмамбет Шыкмаматовго ыраазычылык билдирип, элчилик ишмердүүлүгүндө Жогорку Кеңеш менен болгон кызматташтыкка өзгөчө басым жасаарын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий