• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

“Аталардын эрдиктерин даңктайбыз” онлайн-фестивалы башталды

Коом 0

Бишкек, 30.04.20. /Кабар/. Билим берүү жана илим министрлиги Улуу Жеңишке салым кошкон чоң ата, чоң энелерибиздин эрдиктерин даңктоо, ардагерлерге, улуу муунга карата сый-урматты калыптандыруу, элдердин достугун, ынтымагын, биримдигин бекемдөө, тарбиялануучулар менен окуучуларда мекенчилдик, атуулдук сезимди өнүктүрүү максатында Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына арналган “Аталардын эрдиктерин даңктайбыз” деген онлайн-фестивалын баштады. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Фестивалдын шартына ылайык, катышуучулар төмөнкү талаптардын бирин аткарышы керек:

  • Жеңиш, тынчтык, ынтымак, эрдик жөнүндөгү ырларды көркөм окуу (2 мүнөткө чейин);
  • Согуш мезгилиндеги элдин духун көтөргөн обондуу ырларды жандуу музыкалык коштоо же минус фонограммасынын коштоосунда аткаруу (3 мүнөткө чейин);
  • Согуштагы жана тылдагы чоң ата, чоң энелерибиздин эрдигин жана эмгегин чагылдырган чыгармалардан монологдорду, диалогдорду аткаруу (3 мүнөткө чейин);
  • Согуш мезгилиндеги мугалимдердин түйшүгүн, мээнетин көрсөтүү (Көркөм чыгармалардын негизинде, 2 мүнөткө чейин)
  • Согуш, Жеңиш, тынчтык темасындагы видео-роликтерди (2 мүнөткө чейин) жана сүрөттөрдү тартуу;

Ошондой эле окуучулар арасында онлайн режиминде “Өлбөс полк” эстафетасы өтөт. Ар бир окуучу өзүнүн чоң ата, чоң энесинин сүрөтүн көрсөтүп, эрдигин 2 мүнөткө чейин айтып бериши керек.

Катышуучулар видео материалдарды Фейсбук, Инстаграм баракчаларына #АТАЛАРДЫН_ЭРДИКТЕРИН_ДАНКТАЙБЫЗ деген хэштег менен 8-майга чейин жайгаштырат жана уюштуруу тобунун төмөнкү What's Аpp номерлери жана электрондук даректерине жөнөтүшү керек:

  • Кыргыз тилиндеги көркөм окуу жазылган видеолор (монолог, диалог) - 0550477407, орус тилинде 0772 66 28 97;
  • Обондуу ырлардын видеолорун - 0772 176 831 What's Аpp номерине же balajan@mail.ru электрондук дарегине;
  • Согуш, жеңиш, тынчтык темасындагы видео-роликтер - 0559176622 What's Аpp номерине же balajan@mail.ru электрондук дарегине.

Видеого катышуучунун аты-жөнүн, жашын, чыгарманын авторун жана аталышын ачык-так айтуу зарыл (бул талапты аткарбаган катышуучу калыстар тобу тарабынан каралбайт). Фестивалдын жыйынтыгы 10-майда чыгарылат. Онлайн-фестивалга катышып, өзгөчөлөнгөн окуучуларга баалуу сыйлыктар, дипломдор жана грамоталар ыйгарылат.

Онлайн-фестивалдын жобосу бул шилтемеде.

Пикир

Оставить комментарий