• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Атамбаев айыпталуучу болуп жаткан эки иш бириктирилди

Укук тартиби 0

Бишкек, 18.11.20. /Кабар/. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таш айылында жер тилкесин мыйзамсыз сатып алуусу боюнча соттук отурум башталды.

Сотто Мирлан Термечиков төрагалык кылууда.

Соттук отурумда мамлекеттик айыпталуучулар аталган иш менен мурдагы вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев фигурант болгон мыйзамсыз баюу ишин бириктирүүнү суранды.

Сот кеңешме бөлмөсүнө чыгып келип, Атамбаев эки иште тең айыпталуучу болуп жаткандыкдан ал иштерди бириктирүү чечими кабыл алынганын билдирди.

Мындан мурда Башкы прокуратура УКМК менен бирге мыйзамсыз баюу боюнча кылмыш ишин иликтеп, соттун кароосуна жөнөткөн. Ал кылмыш ишинде Шадиев менен Атамбаев коррупция, мыйзамсыз баюу жана кылмыштуу кирешелерди адалдандыргандыгы айтылат:

- Бишкек ЖЭБин модернизациялоодогу коррупция, 5 млрд 439 млн 527,4 миң сом зыян келтирилген;

- 225 млн сом кылмыштуу кирешени легалдаштыруу, ар кандай мүлк, компаниялардын үлүшүнө ж.б. ээ болуу аркылуу мыйзамсыз баюу (323 млн 704,2 миң сом);

- жалпы наркы 8 млрд 255 млн 146,4 миң болгон 7 миң 231 тонна сурьма, 265 кг алтын жана 4 миң 246 күмүш запасы бар “Терек” сурьма кенин мыйзамсыз ээлеп алуу жана коррупция;

Тергөөнүн маалыматы боюнча, Атамбаев менен Шадиев жана башка адамдардын кылмыштуу аракеттеринен мамлекетке 13 млрд 694 млн 673,9 миң сом зыян келтирилген.

Пикир

Оставить комментарий