• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Атамбаев Антониу Гутерреш менен жолугушту

Президент 0

Бишкек, 11-июнь / Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 11-июнда, өлкөбүзгө сапар менен келген Бириккен Улуттар Уюмунун Баш катчысы Антониу Гутерреш менен жолугушту. Бул тууралуу Президенттин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысы БУУнун Баш катчысын жылуу тосуп алды. “Мен сизди көргөнүмө абдан кубанычтамын. Биз Астанада жакшы баарлаштык. Биз үчүн сиздин Кыргызстанга келишиңиз абдан маанилүү. Сиздин “Таза коом” долбоору боюнча конференцияга катышууңуз да абдан чоң мааниге ээ. Менимче сиздин Ош шаарына сапарыңыз дагы ийгиликтүү болот. Сиздин сапарыңыздан кийинки 7 жыл ичинде кандай өзгөрүүлөр болгонун өз көзүңүз менен көрөсүз. Сиздин келгениңизге кубанычтамын, бүгүн жакшы жумушчу күн болот деп ойлойм”,- деди Алмазбек Атамбаев.

БУУнун Баш катчысы Антониу Гутерреш Президент Алмазбек Атамбаевди жылуу тосуп алганы жана жолугушканы үчүн ыраазычылык билдирди. “Кечэ мага Кыргызстанга сапарым Борбордук Азияга миссия катары мен үчүн өзгөчө мааниге ээ деп айтууга мүмкүнчүлүк болду. Албетте, мен Борбордук Азиянын бардык өлкөлөрү менен жакшы мамилелерди сактоого умтулам, бирок Кыргызстанга карата өзгөчө мамилем качкындар иштери боюнча Комиссар катары ишмердигимди баштагандан бери калыптанып, ошол “сүйүүм” уланып келет. Мен алгачкы туш келген кризис – Анжияндагы качкындар менен болгон, ошондо Кыргызстандын Өкмөтү менен тыгыз кызматташуу аркылуу, тыгыз координациялоо аркылуу качкындар маселесин чечкенбиз”,- деди Антониу Гутерреш, бул сыяктуу кризистердин татаалдыгын баса белгилеп.

БУУнун Баш катчысы Антониу Гутерреш бул кызматташуу жакшы жана күчтүү сезимдерди калтырганын белгиледи. “Кыргызстан калкы жана анын лидерлери демократияны, адам укуктарын урматтаган демократияны көздөп, чыныгы маанилүү тандоо жасагынын Эл аралык комитет тааныганы абдан маанилүү. Менимче бул абдан маанилүү чечим. -деди Антониу Гутерреш. – Бул жагынан Кыргызстан дүйнөнүн башка бөлүктөрүндө дагы жолун жолдоочулар чыккыдай үлгү болот. Кыргызстанга ыраазы болгонумдун бир себеби мына ушул”.

БУУнун Баш катчысы Антониу Гутерреш катуу таасир калтырган экинчи окуя – Оштогу кризис болгонун белгиледи. “ Ошондо мени чындап таң калтырган нерсе – өлкө кризисти демократиялык баалуулуктарга шек келтирбей, коомдун дестабилдешин кайраттуу тосуп алганы. Башка өлкөлөрдө мындай кырдаал демократияны талкалап, көп кырсык алып келиши ыктымал эле. Бирок Кыргызстан көптөгөн кыйынчылыктарды жеңип, демократиялык системаны сактап калды. Менимче бул башка өлкөлөр үчүн чоң сабак боло алат. Бул жагынан алганда мен үчүн бул жерде болуш чоң сыймык, мен мындан ары дагы сиздерге болгон “сүйүүмдү” улантып, Кыргызстан Өкмөтү менен БУУнун ортосунда активдүү кызматташууга көмөктөшөм. Биздин Кыргызстандагы командабыз жана бардык агентстволор жалпы Кыргызстан элинин гүлдөп өнүгүшү үчүн сиздердин Өкмөткө жардамын уланта берет”,-деди Антониу Гутерреш.

Пикир

Оставить комментарий