• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Атамбаев бийликти тынчтык жолу менен өткөрүп берүүгө кепилдик берет

Президент 0

Чолпон-Ата, 24-июль /Салтанат Абдраева – Кабар/. Өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев бийликти тынчтык жолу менен өткөрүп берүүгө кепилдик берет. Бул тууралуу ал бүгүн Ысык-Көлдө өтүп жаткан маалымат жыйынында билдирди.

“Президенттик шайлоонун жыйынтыгын, кандай болбосун кабыл алышыбыз керек. Негизгиси биз добуштардын ачык айкын саналаарына кепилдик беребиз. Ошол эле учурда биздин жарандарыбыз өздөрүнүн добуштарын акчага саткан учурлар болот. Бул өтө кыйын. Балким айрым жарандар өздөрүнүн жоопкерчилигин толугу менен сезе элек”,-деди президент.

Мамлекет башчысы бийликти тынчтык жолу менен өткөрүүгө кепилдик берээрин баса белгиледи. “Ал эми кырдаалды өзгөртүүгө аракет кылгандарды биз бир жерге көп убакытка отургузуп коебуз”,-дейт.

Эскерте кетсек, Алмазбек Атамбаевдин президенттик мөөнөтү 2017-жылдын 1-декабрында соңуна чыгат. Президенттик шайлоо 15-октябрга белгиленген.

Пикир

Оставить комментарий