• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Атамбаев менен Путиндин жолугушуусу пландаштырылып жатат

Президент 0

Бишкек, 12.09.17 /Кабар/. 2017-жылдын 14-сентябрында, Сочи шаарында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев менен Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин жолугушуусу пландаштырылып жатат. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Бул жолугушууну өткөрүү тууралуу эки лидер үстүбүздөгү жылдын 14-августунда телефон аркылуу сүйлөшүүнүн жүрүшүндө макулдашышкан.

Жолугушуунун алкагында эки тараптуу кызматташуунун жана тараптардын ЕАЭБ алкагында өз ара аракеттенишүүсүнүн актуалдуу маселелерин талкуулоо болжолдонууда.

Президент Алмазбек Атамбаев менен Владимир Путиндин жолугушуулары үстүбүздөгү жылдын октябрь жана ноябрь айларында ЕАЭБ жана ЖККУ жыйындарынын талааларында дагы улантыла берет.

Пикир

Оставить комментарий