• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Атамбаев Путинди Россиянын күнү менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 12-июнь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путинге мамлекеттик майрамга – Россиянын күнүнө байланыштуу куттуктоо жолдоду. Бул тууралуу Президенттин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мамлекет башчысынын куттуктоосунда Россия Федерациясы өткөн жылдардын аралыгында демократиялык кайра түзүүлөрдүн жана экономикалык реформалардын жолунда, мамлекеттүүлүктү бекемдөөдө абдан олуттуу натыйжаларга жетишип, эл аралык аренада Россиянын кадыр-баркы өскөндүгү белгиленет.

“Россия Федерациясынын өлкөлөрүбүздүн ортосундагы союздаштыкты жана стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоодогу жана өнүктүрүүдөгү зор салымын канааттануу менен белгилейбиз.

Өз ара пайдалуу кыргыз-россиялык кызматташуу мындан ары дагы элдерибиздин жыргалчылыгына багытталып, ырааттуу өнүгө берет деп ишенем”, - деп белгиленет куттуктоо телеграммасында.

Президент Алмазбек Атамбаев Президент Владимир Путинге чың ден-соолук, эсенчилик жана жооптуу мамлекеттик кызматта ийгиликтерди, ал эми достук мамиледеги Россия элине – тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалады.

Пикир

Оставить комментарий