• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Атамбаев Татарстандын биринчи Президенти менен жолугушту

Президент 0

Бишкек, 24-июнь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 24-июнда, Россия Федерациясына жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында Татарстан Республикасынын алгачкы Президенти, Мамлекеттик кеңешчи Минтимер Шаймиев менен жолугушту. Бул тууралуу КР Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Президент Алмазбек Атамбаев менен Минтимер Шаймиев Казан Кремлинин өкүлчүлүк корпусун, ошондой эле Казан шаарынын тарыхый-архитектуралык имараттарынын жана курулуштарынын макеттерин көрүп чыгышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Президент Алмазбек Атамбаевдин Татарстанга сапарынын эки республиканын боордош элдеринин ортосундагы мамилелерди мындан ары чыңдоодогу мааниси баса белгиленди

Мамлекет башчысы бүгүн Бишкекке кайтып келет.

Пикир

Оставить комментарий