• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Атамбаев Татарстандын Президенти Рустам Минниханов менен жолугушту

Президент 0


Бишкек, 20-июль /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атабаев, бүгүн, 20-июлда, Бишкекте өтүп жаткан “Алтай цивилизациясы жана Алтай тектүү элдер форумуна” катышуу үчүн Кыргызстанга жумушчу сапар менен келген Россия Федерациясынын Татарстан Республикасынын Президенти Рустам Минниханов менен жолугушту. Бул тууралуу КР Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Президент Алмазбек Атамбаев мейманды жылуу кабыл алып, Эл аралык форумга катышуу максатында Кыргызстанга келгендиги үчүн ыраазычылык билдирди

Өз кезегинде Татарстандын Президенти Рустам Минниханов Президент Алмазбек Атамбаевди Россия Федерациясына жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында жакында эле Татарстанга жасаган сапары үчүн ыраазычылык билдирди.

Рустам Минниханов ошондой эле “Алтай цивилизациясы жана Алтай тектүү элдер форумуна” катышуу үчүн чакыргандыгы үчүн ыраазычылыгын билдирип, бул абдан маанилүү жана мазмундуу иш чара экендигин кошумчалады. “Биз бардыгыбыз тилди, маданиятты, тарыхты сактоо туурасында ойлонобуз. Бул маселелер учурда абдан маанилүү жана актуалдуу, өзгөчө көңүл бурууга татыктуу”,- деди ал.

Жолугушууда кыргыз-россиялык көп пландуу мамилелердин алкагында Кыргызстан менен Татарстандын ортосундагы кызматташууну мындан ары өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий