• 84.78
  • 99.84
  • 1.17

Атуулдук алууну жеңилдеткен мыйзам жарандардын тез ыңгайлашуусуна жардам берет

Аналитика 0

Дээрлик 10 жыл мурда КР өкмөтүнүн «Кайрылман» программасы боюнча коңшу өлкөлөрдө жашаган кыргыз улутундагы этникалык жарандар Кыргызстанга көчүп келе башташкан. КРнын «Кыргыз Республикасына көчүп келген этникалык кыргыздарга мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө» мыйзамына ылайык, 2010-жылдын аягынан тарта миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга кайрылман макамы жана кайрылман күбөлүгү берилип келет. Кайрылман макамынын негизги мааниси этникалык кыргыздарга КРнын жарандыгын алганга чейин убактылуу укуктук макам берүү болуп саналат. Бул аларды каттоо, учетко алуу боюнча нагизги милдеттерди чечүүгө жол ачып, эмгекке, билим алууга, эркин жүрүүсүнө, мектепке чейинки, мектеп курагындагы, баштапкы, орто жана жогорку билим алуусуна, пенсия жана жөлөк пул, медициналык жана даректүү жардам алуусуна укук берүүнү кепилдейт. Ошентип, Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык, 2010-жылдан 2016-жылга чейин Кыргызстандын аймагына көчүп келген 11 миңге жакын этникалык кыргызга кайрылман макамы берилген.

Бирок, мыйзамдык кечигүүлөрдөн жана программанын шарттарындагы өзгөрүүлөрдөн улам көптөгөн жылдар бою кайтып келген жарандар жөнөкөйлөтүлгөн тартипте КРнын жарандык паспортун ала албай келишет.

КР президенти Садыр Жапаров 9-июлда «Этностук кыргыздардын жана кыргыз улутундагы жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуусунун жөнөкөйлөштүрүлгөн тартиби жөнүндө убактылуу жобо тууралуу» жарлыкка кол коюлду. Этникалык кыргыздар, кайрылмандар жөнөкөйлөтүлгөн тартипте жарандык алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат, атап айтканда аларды КР жарандыгына кабыл алуу башка өлкөнүн жарандыгынан чыккандыгын, КРнын аймагында жашаган мезгилинин шартын көрсөтпөстөн жана КР жарандыгына кабыл алуу тууралуу кайрылуусунун негизинде жүзөгө ашырылат.

Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин директору Элиза Асаналиева түшүндүргөндөй, аталган жарлык көп жылдардан бери түрдүү себептер менен КРнын жарандыгын ала албай жүргөн жарандардын бир катар категориясын камтыйт.

«Сөз КРнын аймагына келип, КР аймагында жүргөн жана өз убагында жарандык алуу үчүн кайрыла албай калган этникалык кыргыздар тууралуу болуп жатат. Бул 18 жаштан чоңдор, же улуттук паспорт менен документтештирилбеген жашы жете элек балдар. Аталган убактылуу жобо колдонуудагы мыйзамдардын карама-каршылыгынан улам, буга чейин Кыргызстандын жарандыгын алуу үчүн кайрыла албай же жарандыгы жок адамдын макамын ала албай жүргөн бардык этникалык кыргыздарды камтыйт.

Анын айтымында, алар негизинен бала кезинде ата-энелери менен келишкен, бирок документтештерилбегендер, ал эми алардын ата-энелери ошол учурда КР жарандыгын алышкандар.

«Адамдардын көпчүлүк бөлүгү Өзбекстан жана Тажикстандан келип, Кыргызстандын түштүгүндө жана Чүй облусунун аймагына жайгашып, ошол жерлерде жашап келе жатышат. Алардын балдары бала бакчага, мектепке барышкан, бирок мектепти аяктагандан кийин КРнын жарандыгын ала алышкан эмес. Ошондой эле, паспортторунун жарактуулук мөөнөтү өтүп кеткен жарандардын категориясы бар жана алар ар кандай себептерден улам келген өлкөсүнөн документтерин ала алышкан эмес», - деп түшүндүрдү Эсеналиева.

Тажикстандан келген этникалык кыргыздардын өкүлү Бахадыр Адиев «Кабар» агенттигине «кайрылман» макамына ээ болуу кандай жардам берерин айтып берди. Анын айтымында, жарандык алуу көйгөйү 2013-жылдан бери ал үй-бүлөсү менен Кыргызстанга көчүп келүүнү чечкенден бери созулуп келе жатат.

«Президенттин жарандык алууну жөнөкөйлөтүү жөнүндөгү жарлыгы бизге жакшы жардам берет, анткени көптөрдүн паспортторунун жарактуу мөөнөтү өтүп кеткен же жарабай калган. Биз кайрылмандар программасы боюнча 2013-жылдан бери кыйналып, документ ала албай келе жатабыз. Ар кандай кызматтарга кайрылдык, барынан жыйынтык чыккан жок, эми бизде ишеним пайда болду, кудай буйруса жарандык алабыз. Арабызда 18-19 жашка чыгып, бирок документ ала албай жүргөндөр көп. Биз документти качан тапшыруу керектиги боюнча көрсөтмөнү күтүп жатабыз. Маселебиз акыры чечилгенине абдан кубанычтабыз»,-деди Адиев.

Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин директору Элиза Асаналиева айткандай, кайрылмандар үчүн жарандык алууну жеңилдетүү алардын коомдо тезирээк ыңгайлашуусун жана КР жарандарынын бардык артыкчылктары менен укуктарынан пайдаланууга жардам берет.

«Бул жерде келген жарандардын жана алардын балдарынын жарлыкка кире албай калган категориясы, ошондой эле паспортторунун жарактуулук мөөнөтү өтүп кеткен, бирок аларды алмаштыра албаган жарандардын категориялары жөнүндө сөз болуп жатат. Жарандык алуу алар үчүн КР жарандарынын буга чейин аларга жеткиликсиз болгон социалдык жеңилдиктеринен пайдаланууга мүмкүнчүлүк ачат. Алдын ала эсептөөлөр боюнча мындай адамдардын саны 10 миңге жакын», - деди Эсеналиева.

Белгилей кетсек, жарандык тууралуу мыйзамдын өзү 2007-жылы кабыл алынган, бирок 2013-жылы түрдүү себептерден, мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр жана кошумчалардын жыйынтыгында кайрылмандар программасы боюнча көптөгөн жарандар жарандык жана КРнын жарандык паспортун ала албай калышкан. Эми президенттин жарлыгы күчүнө кириши менен аларды ушундай мүмкүнчүлүк берилди.

«Кабар» МАБ

Пикир

Оставить комментарий