• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Австрияда мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өтүүдө

Дүйнө 0

Бишкек, 15.10.17 /Кабар/. Австрияда 15-октябрда шайлоо тилкелери ачылып, парламенттик шайлоо башталды. Шайлоо кампаниясына 16 партия катышууда. Алардын 10у федералдык деңгээлде.

Социологиялык иликтөөлөргө ылайык, 6,4 млн австриялык шайлоочунун 1 млн адамы акыркы учурга чейин кимге добуш берерин чечкен эмес, - деп жазат Deutsche Welle.

Бир нече ай бою шайлоо алдындагы жарыштын лидери 31 жаштагы консервативдик Австрия элдик партиясынын башчысы Себастьян Курц болуп келди. Бирок, кампаниянын жүрүшүндөгу бир катар кемчиликтерге карабастан, акыркы мезгилде канцлер Кристиан Керн баштаган Австриянын Социал-демократтар партиясы алдыга жылды.

Шайлоонун алдын ала жыйынтыктары шайлоо күнү кечинде белгилүү болот. Акыркы расмий жыйынтык 19-октябрда чыгары күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий