• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Учурда 5 АЭУ иштен чыгуу учуру катталды - БШК

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 15.10.17 /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Азыркы тапта 5 автоматтык эсептөө урнасынын иштен чыгуу учуру катталган. Бул тууралуу маалымат жыйында БШК төрагасы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

“Техниканын иштен чыгуу учурлары катталды. АЭУлардын 5 бузулуусунун 4 учуру талапкерлерди туура эмес сызууга байланыштуу болгон. Белгилүү болгондой, эки талапкер бюллетендер даярдалган соң шайлоого катышуудан баш тарткан. Буга байланыштуу тилкелик комиссиялар аларды кол менен сызып салууга туура келди. Учурда 4 тилкедеги АЭУ стационардык урнага алмаштырылган”, - деп билдирди ал.

Анын айтымында, жалпысынан өлкө боюнча добуш берүү тынч өтүп жатат.

Ошондой эле Шайлдабекова ыкчам жооп кайтарауу штабы түзүлүп, жарандардын даттануулары менен иштеп жатканын айтты.

“Жалпысынан 20 арыз түшкөн. Алардын бешөө ИИМ, дагы бешөө Вотсапп каналы боюнча. Ошондой эле даттануулар 1255 тез байланыш линиясына түшүүдө. Түшкөн арыздардын жетөө текшерилип, алардын алтоо ырасталган жок”, - деп кошумчалады ал.

Өз кезегинде БШК мүчөсү Кайрат Осмоналиев учурда шайлоо мыйзамын бузуу катталбагандыгын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий