• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

"Автоураган". Ысык-Көлдө эки күндө 46 автоунаа айып короосуна киргизилди

Аймак 0

Бишкек, 05.06.22. /Кабар/. Ысык-Көл облусуна иш сапары менен келген кайгуул кызматкерлери эки күндүн ичинде 46 автоунааны айып короо жайына токтотту. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынан Ысык-Көл облусуна туристтик сезондун ачылышына келген кайгуул кызматкерлери Балыкчы, Чолпон-Ата, Каракол шаарлары, андан ары Ак-Суу жана Жети-Өгүз райондоруна чейин барып, рейддик иш-чара өткөрдү.

Тактап айтканда, эки күндүн ичинде ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 145 автоунаага тийиштүү протоколдор толтурулду. Ал эми 46 автоунаа убактылуу айып короо жайына токтотулду. Анын ичинен 20 унаа "Автоураган" программалык комплекси менен аныкталды.

Мындай рейддик иш-чара кайгуул кызматкерлери тарабынан Кыргызстандын башка аймактарында да өткөрүлөрү пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий