• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Акылбек Жапаров айлана-чөйрөнү коргоо тармагынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Өкмөт 0

Бишкек, 05.06.22./Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров айлана-чөйрөнү коргоо тармагынын кызматкерлерин кесиптик майрамы – Бүткүл дүйнөлүк айлана-чөйрөнү коргоо күнү менен куттуктады.

Урматтуу айлана-чөйрөнү коргоо тармагынын кызматкерлери!

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана жеке өзүмдүн атымдан сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Бүткүл дүйнөлүк айлана-чөйрөнү коргоо күнү менен куттуктайм!

2021-жылдын 16-декабрында БУУнун Башкы ассамблеясынын 76-сессиясынын катышуучулары 2022-жылды «Тоолорду туруктуу өнүктүрүүнүн эл аралык жылы» деп деп жарыялоо тууралуу резолюцияны бир добуштан кабыл алышты, ал эми Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен быйылкы жыл Тоолордун экосистемаларын жана климаттык туруктуулугун коргоо жылы деп жарыяланды.

Жаратылыш – морт жана кайталангыс дүйнө, аны биз сактап, келечек муундарга өткөрүп беришибиз керек.

Биз үчүн коомдо айлана-чөйрөгө жоопкерчиликтүү мамиле кылуу маданиятын калыптандыруу, экологияга багытталган экономиканы түзүү, жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, жаратылыш коруктарын жана парктардын тармагын кеңейтүү, жаратылышты коргоо мыйзамдарын өркүндөтүү абдан маанилүү.

“Жашыл Мурас” улуттук кампаниясына активдүү катышуубуз ар бирибиздин жаратылышты сактоого жеке салымыбызды кошууга болгон чоң мүмкүнчүлүгүбүз болуп саналат. Айланага көз чаптырсаңыз, бизди кооз жаратылыш, уникалдуу тоо системалары, көптөгөн дарыялар жана көлдөр курчап тургандыгын көрөсүз. Биз биргелешип урпактарыбыздын бул жаратылыш кооздуктарына күбө болуп, сыймыктануусу үчүн аракетибизди кыла алабыз.

Айлана-чөйрөнү коргоо кызматкерлери биздин кайталангыс жаратылышыбызды сактоо үчүн көп иштерди жасоодо, алсак, токойлорду калыбына келтирүү, абанын, көлмөлөрдүн, топурактын тазалыгына кам көрүү аракеттерин тынымсыз көрүп жаткандыгын белгилеп кетким келет. Сиздердин күнүмдүк, кайратман эмгегиңиздер өзгөчө сыйга жана жалпы элдик колдоого татыктуу!

Ушул майрам күнү сиздерге бакыт, чың ден соолук, бакубатчылык жана ары татаал, бирок өтө зарыл ишиңиздерге ийгиликтерди каалайм!

Пикир

Оставить комментарий