• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кашкарда Акылбек Жапаров, Абдулла Арипов жана Ма Синчжуйдун үч тараптуу сүйлөшүүлөрү өттү

Өкмөт 0

Бишкек, 01.03.24. /Кабар/. Кытайдын Кашгар шаарында Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Өзбекстан премьер-министри Абдулла Арипов, ККПнын Борбордук Комитетинин Саясий бюросунун мүчөсү, КЭР СУАР Партиялык комитетинин катчысы Ма Синжуй үч тараптуу жолугушуу өткөрүштү.

Жолугушууда Акылбек Жапаров Синьцзян Кыргызстан үчүн Кытай менен соода алакасындагы дарбаза болуп калса, өз кезегинде тарыхый жайгашкан орду менен Кыргызстан дагы Кытай үчүн Борбордук Азиянын бир нече өлкөлөрүнө чыгууга дарбаза болуп бара жатканын белгиледи.

"Бул контекстте Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан" темир жолунун курулушу, 3 өлкөнүн соода экономикалык байланышынын динамикалуу өсүшүнө баа жеткис оң таасирин берет" - деген Акылбек Жапаров бүгүнкү күндө биргелешкен каржылоо менен долбоордун техникалык экономикалык негиздемеси иштелип чыгып, бекитилгенин белгилеп өттү.

Мындан тышкары, Акылбек Жапаров "Эркечтам" көзөмөл-өткөрүү пунктунун ишин оптималдаштыруу зарылчылыгына токтолуп, учурда кыргыз-кытай чек арасындагы көзөмөл-өткөрүү пунктунун иштешине байланыштуу жана чечилүүгө тийиш болгон олуттуу маселелердин бири – бул өткөрүү жөндөмдүүлүгүнүн жетишсиздиги экенин баса белгиледи.

"Эркечтам” көзөмөл-өткөрүү пунктунда жүктөрдү өткөрүүнүн көлөмүн көбөйтүү маселеси кыргыз жана кытай тарап үчүн да, өзбек тарап үчүн да актуалдуу экендиги талашсыз. Бул контекстте биздин өлкөлөр үчүн өткөрүү пункттарынын жөндөмдүүлүгүн жогорулатууда аларды модернизациялоо, аймагын кеңейтүү жана бажы көзөмөлүнүн заманбап каражаттары менен жабдыктоо маанилүү көрүнөт", - деген Акылбек Жапаров өз кезегинде өткөрүү пункттарын модернизациялоонун алкагында саатына 125 автоунаага чейин өткөрүү жөндөмдүүлүгүнө болгон заманбап текшерүү-кароо комплекстерин сатып алынып жатканын жана быйыл алар "Эркечтам" жана "Торугарт" постторунда орнотуларын билдирди.

Ошону менен бирок кыргыз тарап ар бир ошол өткөрүү пункттарынан суткасына 1000 унаага чейин өткөрүү мүмкүнчүлүгүн көбөйтүүгө максат коюлуп жатканын белгиледи.

Үч тараптуу жолугушууда Акылбек Жапаров тараптарды мультимодалдык транспортту өркүндөтүү боюнча талкууларга чакырды.

Ошондой эле минкаб башчысы Кытай Кыргызстан Өзбекстан өлкөлөрү транс чек аралык электрондук сооданы өнүктүрүү үчүн географиялык жакындык артыкчылыгын активдүү колдонууга болоорун белгиледи. Алсак чек арада жакын аймактарда эркин соода жүгүртүү, бондалык зоналарды түзүү сыяктуу иш аракеттерди айтып өттү.

"Биздин өлкөлөрүбүздүн жетекчилери алдыга койгон милдеттерди эске алуу менен, биз сиздер менен бирге биздин көп кырдуу өнөктөштүгүбүздү ийгиликтүү өнүктүрөбүз деп ишенем"-деп сөзүн жыйынтыктады Акылбек Жапаров.

Өз кезегинде ККПнын Борбордук Комитетинин Саясий бюросунун мүчөсү, КЭР СУАР Партиялык комитетинин катчысы Ма Синжуй, Кыргыз тараптын бардык сунуштарын колдой турганын билдирип, эки жана көп тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө, соода экономикалык байланышты илгерилетүүгө кызыктар экенин белгиледи.

Ошондой эле Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов бул үч тараптуу жолугушуунун тарыхый маанисин белгилеп, өлкөлөр ортосундагы соода жүгүртүү динамикалуу өсүп жатканына токтолду. Мындан тышкары Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун курууда биргелешкен ишкана түзүүнү колдоп, мультимодалдык транспорттук каттамдарды өркүндөтүүгө Өзбекстан тарап кызыктар экенин баса белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар достук маанайдагы кызматташууну кубаттап, мындай жолугушууларды байма-бай өткөрүп турууну пландашты.

Пикир

Оставить комментарий