• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстандын пара триатлон боюнча курама командасы дүйнө кубогуна катышат

Спорт 0

Бишкек, 01.03.24. /Кабар/. Кыргызстандын пара триатлон боюнча улуттук курама команда Абу-Даби шаарында (Бириккен Араб Эмирлиги) өтө турчу дүйнө кубогуна катышат.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, мелдеш 5-10-март күндөрү өтөт.

Курама команданын тизмеси:

- Айтунук Жоомарт кызы;
- Алена Пучкина (коштоп жүрүүчү);
- Дастан Камчыбеков;
- Артем Шапилов (коштоп жүрүүчү);
- Гүлназ Жүзбаева;
- Юлия Фернас (коштоп жүрүүчү).

Белгилей кетсек, курама команда башкы машыктыруучу Андрей Ханадеевдин жетекчилиги алдында мелдешке катышат.

Пикир

Оставить комментарий