• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте 14-апрелде Jaz Demi жарышы өтөт

Спорт 0

Бишкек, 13.04.24. /Кабар/. Бишкекте 14-апрелде Аска-Таш мемориалдык комплексинен “Жаз деми” жарым марафону башталат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жарышка 3 миң 500 спортчу жана сергек жашоону сүйүүчүлөр катышат. Алар 5 км, 10 км, 21,1 км аралыктарга чуркашат.

Ошондой эле жарым марафондун алкагында 3 жаштан 13 жашка чейинки жөө күлүктөр үчүн “Балдар чуркоо” жарышы уюштурулат.

Белгилей кетсек, жарым марафон Фучик көчөсүндөгү "Аска-Таш" стеласынан "Манас" аэропортун көздөй 18 чакырымга созулат. Буга байланыштуу саат 8:00дөн 12:00гө чейин унаа кыймылына чектөө киргизилет. Унаалар үчүн эки тараптуу жолдун чыгыш тилкеси ачылат.

Иш-чараны Бишкек мэриясынын жана мамлекеттик органдардын колдоосу менен Nomad Sport коомдук бирикмеси уюштурууда.

Пикир

Оставить комментарий