• 88.68
  • 95
  • 0.95

Аз камсыз болгон бишкектиктерге чакан бизнес ачууга 100 миң сомдон берилди

Коом 0


Бишкек, 06.09.22. /Кабар/. Аз камсыз болгон бишкектиктерге чакан бизнес ачууга 100 миң сомдон берилди.

Калаа мэри Эмилбек Абдыкадыров жана эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаевдин катышуусу менен социалдык жардамдын алкагында 64 үй-бүлөгө 100 миң сомдук сертификаттарды тапшыруу аземи өттү.

Долбоорлорду тандоо үчүн борбордун акимиаттарында социалдык маселелер боюнча комиссиялар түзүлүп, алар үй-бүлөлөрдүн бизнес-пландарын тандап, баалашты. Социалдык келишимди түзүү укугуна иш жүзүндө жашаган жери боюнча “үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулун алуучулар ээ.

Социалдык контракт түзүү үчүн жалпы суммасы 6,4 млн сомго же ар бир үй-бүлөгө 100 миң сомдон 64 арыз жактырылган.

Катышуучулардын берилген бизнес-пландарына ылайык 65%ы тигүү жабдууларын сатып алууга, соода ишин уюштурууга 13 %, кызмат көрсөтүүгө 10 %, кондитердик азыктарды даярдоого 7% жана жаңы технологияларды киргизүүгө 3% багытталган.

Белгилей кетсек, социалдык контракттын негизинде социалдык жардам программанын мазмунуна ылайык үч жылдык мөөнөткө дайындалат жана төмөнкү максаттарды көздөйт:

- үй-бүлөлөргө турмуштук оор кырдаалды жеңүү боюнча активдүү аракеттерге дем берүү;

- социалдык коргоо системасынан жетиштүү көз карандысыздыкка ээ болуу жана коомдун жашоосуна толук катышуу максатында үй-бүлөлөрдүн жашоо деңгээлин жогорулатууга түрткү берүү;

- үй-бүлөлөрдүн эркин эмгек жана мүлктүк потенциалын коомдук пайдалуу ишке тартуу;

- үй-бүлөлөрдүн социалдык жоопкерчилигин жогорулатуу жана алардын жүрүм-турумунун көз каранды мотивин азайтуу;

- чакан ишкерликти өнүктүрүүгө көмөктөшүү;

- жаңы жумуш орундарын түзүүгө дем берүү.

Пикир

Оставить комментарий