• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бажы кызматында 2018-жылы 1,6 миң бузуу аныкталып, 149 кылмыш иши козголгон

Коом 0

Бишкек, 28.01.19. /Кабар/. 2018-жылдын 12 айынын жыйынтыгы менен Мамлекеттик бажы кызматынын укук коргоо бөлүмдөрү бажы укук бузуулары боюнча 1 миң 601 фактыны аныктаган. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйыны учурунда Бажы кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Шамиль Бердалиев билдирди.

Анын айтымында, ал сандын ичинен административдик иштер боюнча 1 миң 361 факт болуп, 2017-жылга караганда 182 фактка же 15,4%га көп болгон.

"Административдик иштер боюнча бажы төлөмдөр 140,3 млн. сом болуп, 2017-жылга караганда 24,5 млн. сомго же 21,2%га көбөйгөн. Айып санкциялары 8,5 млн. сом өлчөмүндө алынып, 2017-жылга салыштырмалуу 800 миң сомго же 9,9%га көп болгон. Товар наркы 726 миң 814 сом болуп алынып, 2017-жылга салыштырмалуу 455 миң сомго же 168,2%га көбөйгөн", - деп белгиледи ал.

Мындан тышкары тергөөгө 240 материал берилип, 149 кылмыш иши ачылган.

"Ошол эле учурда мамлекеттик бюджетке зыяндын ордун толтуруу 2017-жылга салыштырмалуу 36,1 млн. сомго же 67,4%га көбөйүп, 89,4 млн. сомду түзгөн", - деди Бердалиев.

"Жалпысынан 2018-жылдын 12 айында мамлекеттик бюджетке кошумча түшкөн каражат 2017-жылга караганда 36,9 млн. сомго же 18,2%га көп болуп, 239 млн. сомду түздү", - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий