• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Аз камсыз болгондор, майыптыгы барлар сотторго кайрылганда эсептик көрсөткүчтүн 1 эселенген өлчөмүндө гана алым төлөйт

Өкмөт 0

Бишкек, 29.09.22. /Кабар/. Аз камсыз болгон, I, II, III топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар сотторго кайрылганда эми эсептик көрсөткүчтүн 1 эселенген өлчөмүндө (100 сом) гана алым төлөйт. Тийиштүү өзгөртүү КР өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-апрелиндеги № 159 “Мамлекеттик алымдын ставкаларын бекитүү жөнүндө” токтомуна киргизилген.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, мындай чечим калктын аялуу катмарын жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды коргоо максатында кабыл алынган.

Буга чейин аталган категориядагы жарандар үчүн мамлекеттик алымдын өлчөмү доонун суммасынан көз каранды болгон.

Белгилей кетсек, бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий