• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Азербайжандагы эл аралык мелдешке катышкан жаш куткаруучулар Кыргызстанга кайтып келишти

Коом 0

Бишкек, 04.07.23. /Кабар/. Азербайжанда өткөн “Жаш куткаруучу” эл аралык балдардын мелдешине катышкан курама команда Кыргызстанга кайтып келишти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.

Өлкөнүн атын татыктуу коргоп, сыймык жараткан уул-кыздарыбызды “Манас” аба майданында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери жана балдардын ата-энелери чогулуп, өзгөчө шаң менен тозуп алышты.

Эске сала кетсек, Азербайжандын Габала шаарында өткөн "Жаш куткаруучу" балдардын эл аралык мелдешинде Кыргызстандын атынан барган команда 2-орунду ишенимдүү түрдө багындырган.

Аталган беделдүү делген эл аралык мелдешке Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгы жана Куткаруу кызматынын адистери даярдаган курама команда өлкөнүн атынан барып, күч сынашты.

"Жаш куткаруучу" эл аралык балдардын мелдеши негизги 3 бөлүктөн туруп, алар тилкедеги тоскоолдуктарды басып өтүү, өрт эстафетасы жана издеп-куткаруу боюнча өттү. Ошондой эле ар бир мамлекеттин бай тарыхы, маданияты, туристтик жайлары балдар тарабынан презентацияланган.

Белгилей кетсек, аталган эл аралык балдардын мелдешине 6 мамлекеттен 13-17 жашка чейинки улан-кыздардан турган курама командалар катышышты. Келечек муунду куткаруучу кесибине үндөөнү жана өлкөлөр ортосундагы бул багыттагы кызматташтыкты бекемдөө максатында уюштурулуп келе жаткан мелдешке Кыргызстан, Азербайжан, Түркия, Өзбекистан, Пакистан, Казакстан мамлекеттери катышышты.

Пикир

Оставить комментарий