• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Азербайжанда өткөн "Жаш куткаруучу" эл аралык мелдешинде Кыргызстан 2-орунду ээледи

Коом 0

Бишкек, 02.07.23./Кабар/. Азербайжандын Габала шаарында өткөн "Жаш куткаруучу" балдардын эл аралык мелдешинде Кыргызстандын атынан барган команда ишенимдүү түрдө 2-орунду багындырды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, аталган беделдүү делген эл аралык мелдешке Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгы жана Куткаруу кызматынын адистери даярдаган курама команда өлкөнүн атынан барып, күч сынашты.

"Жаш куткаруучу" эл аралык балдардын мелдеши негизги 3 бөлүктөн туруп, алар тилкедеги тоскоолдуктарды басып өтүү, өрт эстафетасы жана издеп-куткаруу боюнча өттү.

Ошондой эле ар бир мамлекеттин бай тарыхы, маданияты, туристтик жайлары балдар тарабынан презентацияланды.

Белгилей кетсек, аталган эл аралык балдардын мелдешине 6 мамлекеттен 13-17 жашка чейинки улан-кыздардан турган курама командалар катышты.

Келечек муунду куткаруучу кесибине үндөөнү жана өлкөлөр ортосундагы бул багыттагы кызматташтыкты бекемдөө максатында уюштурулуп келе жаткан мелдешке Кыргызстан, Азербайжан, Түркия, Өзбекистан, Пакистан, Казакстан мамлекеттери катышты.

Пикир

Оставить комментарий