• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ысык-Көлдө тоо аркарларын аткан браконьерлер кармалды

Коом 0

Бишкек, 05.03.24. /Кабар/. Ысык-Көлдө тоо аркарларын аткан браконьерлер кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мыйзамсыз аңчылык фактысы туристтик-экологиялык милициясынын тескөөчүлөрү тарабынан аныкталган.

Белгиленгендей, 4-март кта түнкү саат 02:00 чамасында Жети-Өгүз районунун Сырт өрөөнүндө мыйзамсыз аңчылык болуп жаткандыгы тууралуу маалымат Ысык-Көл ОИИБдин туристтик-экологиялык милициясынын тескөөчүлөрүнө жана "Илбирс" фондунун өкүлдөрүнө келип түшкөн.

Аталган маалымат боюнча милиция кызматкерлери "Чаар-Арча" экологиялык көзөмөл-өткөрүү пунктунан "Тойота Фуранер" үлгүсүндөгү унааны токтотушкан. Унааны 47 жаштагы Барскоон айылынын тургуну У.А. айдап бара жаткан жана анын жанында 35 жаштагы айылдашы Ж.И. болгон.

Текшерүү учурунда болжол менен атып өлтурүлгөн тоо аркары, ошондой эле сайлуу ТОЗ-17, сайсыз К-12 ок атуучу куралдары жана алардын ок-дарылары табылган.

Текшерилип жаткан жарандар милиция кызматкерлерине ок атуучу куралдарга уруксат кагазын көрсөтүшүп, бирок аңчылыкка уруксат лицензиясын көрсөтө алышкан эмес.

Аталган факты Жети-Өгүз районунун ички иштер бөлүмүнүн маалыматтарды каттоо электрондук журналына катталып, материалдар юридикалык баа берүү үчүн тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий