• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жардам штабынын ыктыярчыларына өкмөт ыраазычылык каттарын тапшырды

Коом 0

Бишкек, 26.08.20. /Кабар/. Бүгүн, 26-августта Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында Жардам штабынын ишине тартылган ыктыярчыларды салтанаттуу сыйлоо аземи болуп өттү. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги билдирет.

Маалыматка ылаык, КР өкмөтүнүн аппаратынын атынан ыраазычылык катты аталган агенттиктин директорунун милдеттерин аткаруучу Мирлан Парханов жана маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов тапшырышты.

Ыраазычылык каттын ээлери:

• Жардам штабынын ишине тартылган Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин, Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын Аппаратынын, Бишкектеги Россиянын илим жана маданият борборунун кызматкерлери;

• «Perspective» окуу борборунун ыктыярчылары;

• «Биз барбыз» элдик штабтын ыктыярчылары;

• «Кыргыз юнион» коомдук бирикмесинин ыктыярчылары;

• Кыргызстан Кызыл ай коомунун ыктыярчылары;

• Жардам штабынын башка ыктыярчылары жана автоыктыярчылары.

Эскерте кетсек, Жардам штабы өзүнүн ишин 2020-жылдын 27-мартында баштаган.

Штабдын негизги максаты калкка берилип жаткан гуманитардык жардамды координациялоо менен өзгөчө кырдаалдын кесепетин жоюу болгон. Ыктыярчылар жардамды бөлүштүрүп, муктаж үй-бүлөлөргө жеткирип турушкан. Мындан тышкары, колл-борбордо табыштамаларды кабыл алып турушкан.

Пикир

Оставить комментарий