• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бажычылар жасалма документтер менен унаа алып келүү фактысын аныктады

Укук тартиби 0

Бишкек, 13.11.23. /Кабар/. Бажычылар жасалма документтер менен унаа алып келүү фактысын аныктады. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бажы кызматкерлери тарабынан текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө Россиянын жасалма документтеринини негизинде 2008-жылы чыгарылган «Mercedes-Benz Е 63» үлгүсүндөгү унаа КР ИИМдин «Унаа» мамлекеттик мекемесинде каттоодо турган фактысы аныкталган.

Россиянын Федералдык бажы кызматынан алынган маалыматка караганда, бул унаа Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик инспекциясынын маалымат ресурстарында катталган эмес.

Бажы төлөмдөрүн төлөөдөн качуу мыйзамсыз аракеттердин натыйжасында мамлекетке 3 млн 109 миң 606 сом зыян келтирилген.

Факт КБР АДС МКЖга катталып, материалдар маңызы боюнча кароо үчүн КР Башкы прокуратурасына өткөрүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий