• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте 14-ноябрда бир катар көчөлөр жабылат. Себеби

Коом 0

Бишкеук, 13.11.23. /Кабар/. Бишкекте эртең, 14-ноябрда бир катар көчөлөрдө унаа кыймылына убактылуу чектөө киргизилет. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Мындай чара Бишкекте өтчү КМШга мүчө-өлкөлөрдүн саламаттык сактоо тармагындагы кызматташуу кеңешинин ХХХVI отурумуна арналган "Ден соолук" аталышындагы чуркоо спорттук иш-чарасы байланыштуу.

Иш-чара өтүү учурунда Бишкек шаарынын Жайыл Баатыр көчөсүндө, А.Чортеков көчөсүнөн Ж.Шералиев көчөсүнө чейинки бөлүгүндө саат 09:00дөн 12:00гө чейинки унаа кыймылына чектөө киргизилет.

Милициянын кайгуул кызматы шаар тургундарын жана конокторун түшүнүү менен кабыл алууга чакырып, келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайт.

Пикир

Оставить комментарий