• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ажылык-2018: Зыяратчылардын алгачкы тобу Медина шаарына учуп кетишти

Коом 0

Бишкек, 25.07.18. /Кабар/. Бүгүн Кыргызстандык ажылардын алгачкы тобу Медина шаарына учуп кетишти. Бул тууралуу муфтияттан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, болочоктогу ажыларды Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев, КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Эргешов Зайырбек Жолчуевич, 2018-жылдагы ажылыкты уюштуруу боюнча штаб башчысы Жоробай ажы Шергазыев жана УРШ мүчөлөрү узатышкан.

“Узатуу иш-чарасынын алкагында ар бир ажынын уюлдук телефонуна ажылардын коопсуздугу үчүн иштелип чыккан программа жүктөрүп, анын иштөө шарттары түшүндүрүлдү. Ар бир учуучу топто 300 ажы сапар алышып, аларды 6 ажы башчы коштоп кетүүдө”, - деп билдиришти муфтияттан.

Пикир

Оставить комментарий