• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкектеги эстеликтерди жууп-тазалоо иштери уланууда

Коом 0

Бишкек, 14.08.23. /Кабар/. "Тазалык" муниципалдык ишканасы Бишкектеги эстеликтерди жууп-тазалоону улантууда, деп билдирет муниципалитеттин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, алгач Эркиндик бульварындагы эстеликтер жуулуп, андан соң "Центральный" скверинин эстеликтери жуулду.

Эскерте кетсек, буга чейин Биринчи май районунун акимиатынын тапшырмасы менен Тоголок Молдо атындагы сквердин эстеликтери жуулган.

Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарынан калаанын тазалыгын сактоону жана муниципалдык кызматтын кызматкерлеринин эмгегин сыйлоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий