• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Азия чемпионаты: балбан Жоламан Шаршенбеков финалда

Спорт 0

Бишкек, 10.04.23. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков Казакстанда өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатынын финалына чыкты.

Шаршенбеков грек-рим күрөшү боюнча 60 кг салмакта мелдештин чейрек финалынан баштап катышууда. Алгач ал индиялык Сумит аттуу балбанга бир дагы упай бербестен, 10:0 эсебинде утуп алды. Жарым финалда кыргыз балбаны япониялык Майто Кавананы 4:0 эсебинде артта калтырып, финалга өттү.

Аталган мелдеште буга чейин Акжол Махмудов (77 кг) алтын, Роман Ким (130 кг) коло медаль багындырды.

Белгилей кетсек, Азия чемпионаты 9-14-апрель күндөрү Астана шаарында өтүүдө.

Пикир

Оставить комментарий