• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Азия кубогу-2023кө өткөн Кыргызстандын жаш футболчулары жеңишин Баткенге арнады

Коом 0

Бишкек, 19.09.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандын футбол боюнча жаштар курама командасы (U-20) 2023-жылы өтө турган Азия кубогуна өттү. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.

Кыргызстандын курамасы J тайпасында Иран, БАЭ жана Брунейдин командалары менен жайгашты. Кечээ, 18-сентябрда кыргыз футболчуларынын акыркы оюну Брунейдин командасы менен болду. Кыргызстандын курамасы атаандашын 6:0 эсебинде утуп, Азия кубогуна тайпанын экинчи орунунан өттү.

Кыргызстандын футбол боюнча жаштар курама командасы (U-20) Азия кубогуна өтүшүн жана бардык жеңиштерин Баткенге арнады.

Эскерте кетсек, Азия кубогу кийинки жылы Өзбекстанда өтөт.

Пикир

Оставить комментарий