• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Азия оюндары: Учурда Кыргызстан курамасы 48 медаль топтоду

Спорт 0

Бишкек, 25.09.17. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Азыркы тапта Азия оюндарында Кыргызстан курама командасы 48 медаль: 7 алтын, 15 күмүш жана 26 коло медаль алды. Бул тууралуу оюндардын расмий сайтында айтылат.

9 күндүн жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын курамасы 28 өлкөнүн арасынан медалдык эсепте 11-орунда турат.

Мелдештин 9-күнүндө стритбол, боулинг, шахмат, бильярд спорту, кикбоксинг, самбо, сууда сүзүү, оор атлетика жана күрөш боюнча 37 комплект медаль ойнотулду.

Кыргызстанга алтын алып келген спортчулар: Мээрим Момунова (60 кг чейин), Мамарасул кызы Алтынай (75 кг чейин), Бактияр кызы Нурзат (70 кг чейин), Тынчтыкбек уулу Бекзат (55 кг чейин) алыш күрөш, Раимкул уулу Бекназар (74 кг чейин) самбо жана Абдурахманхаджи Муртазалиев (85 кг) чейин джиу-джитсу боюнча.

Кыргызстандан Азия оюндарына 153 спортчу катышып, спорттун 17 түрү боюнча мелдешүүдө: жеңил атлетика, сууда сүзүү, спорттук күрөш, баскетбол 3х3, бел боо күрөш, бильярд спорту, шахмат, спорттук бийлер, ат оюндары, конкур, футзал, джиу-джитсу, кикбоксинг, казак кураш, тай боксу, самбо, таэквондо, түркмөн улуттук күрөшү.

Оюндар 27-сентябрда аяктайт.

Пикир

Оставить комментарий